Ссылки доступа

Казакстан парламенти Январь окуяларынын катышуучуларына мунапыс берүү жөнүндө мыйзам долбоорун колдоду


Казакстан парламентинин жогорку палатасы Январь окуяларынын катышуучуларына бир жолку ырайым берүү тууралуу президент демилгелеген мыйзам долбоорун колдоду.

Документти иштеп чыккандардын айтымында, мунапыс бир жарым миңден ашуун кишини камтышы мүмкүн.

Сенат депутаттарынын маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө карата Январь окуялары боюнча 1112 киши сот жообуна тартылып, 128и эркинен ажыратылды. Депутат Владимир Волковдун айтымында, мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин түрмөдөн 40тан ашуун киши бошонуп чыгат, кийинки алты айда дагы 50дөй киши азаттык алат. Ал Токаевдин сөзүн кайталап, мунапыска күч органдарынын кызматкерлери да илинерин айтты.

Укук коргоочулар бир нече жолу бийлик жөнөкөй жарандарды аткан жана кармалгандарды кыйноого алган күч кызматкерлерин жоопкерчиликтен куткаруу үчүн мунапысты колдонушу мүмкүн экенин билдиришкен.

Январь окуяларынан кийин алты адам камакта кыйноодон көз жумган. Коопсуздук органдарынын кызматкерлерине "Кызмат абалынан ашыра пайдалануу" жана "Кыйноо" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Расмий маалыматтарга ылайык, Январь окуялары маалында Казакстан боюнча жалпысынан 232 киши өлгөн.

XS
SM
MD
LG