Буга чейин украиналык журналист Дмитрий Гордондун израилдик ишкер Леонид Невзлин менен маеги чыгып, анда Украинадагы согушта колдонулуп жаткан иран дрондору Өзбекстанда өндүрүлүп жатканы айтылган.
"Өзбекстан Иран Ислам Республикасы менен аскердик-техникалык тармакта кызматташпаганын жана өз аймагында Ирандын аскердик техникасын чогултпаганын билдиребиз. Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерге зыян келтире турган мындай негизсиз айыптоолордун украин ЖМКларында тарашына жол бербөө боюнча тиешелүү чараларды көрүүңөрдү өтүнөбүз", – деп жазылган ТИМдин кайрылуусунда.
Дмитрий Гордондун Леонид Невзлин менен маеги күн мурун жарыяланып, Өзбекстанда иран дрондорунун өндүрүшү бар экени айтылган. Гордон маектешинен "Израиль Ирандагы, Ирактагы жана Өзбекстандагы дрондор чогултулуп жаткан жерлерге сокку жасай алабы?" деп суроо узаткан.
Бул соболго Невзлин төмөндөгүдөй жооп берген: "Мен Өзбекстан жөнүндө эч нерсе айта албайм, ал нейтралдуу-дос өлкө. Израиль ал жакта дрондор өндүрүлүп жатканын билген-билбегенин айта албайм. Бирок белсе керек деп ойлойм. Менимче Өзбекстандын дрондорду өндүрүүнү токтотушуна Израиль менен АКШнын ультиматуму эле жетиштүү болот".