Ссылки доступа

Европа Кеңешинин төрагасы Январь окуяларын "ар тараптуу" иликтөө маанилүү экенин билдирди


Казакстанга расмий сапары менен барган Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Астанада өткөн жолугушууларда Европа Биримдиги (ЕБ) Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташууну жактай турганын билдирди.

Ал Казакстан ЕБдин Борбор Азиядагы ири соода өнөктөшү экенин белгилеп, өлкөнүн Батыш менен Чыгыштын ортосундагы аймактык транспорт түйүнү катары ролу чоң экенин билдирди.

"Борбор Азия менен Европа барган сайын жакындашып, бири-бири менен көбүрөөк байланыша баштады", – деди Мишель.

Европа Кеңешинин төрагасы казак бийлик өкүлдөрү менен буга чейин Астана жарыялаган реформаларды талкуулаганын билдирди. Ошондой эле ал ЕБ "Январь окуяларынын адилет, ачык жана ар тараптуу иликтенишин" маанилүү деп эсептей турганын кошумчалады.

Шарль Мишель менен Касым-Жомарт Токаевдин жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча жарыяланган биргелешкен билдирүүгө ылайык, тараптар башка маселелер менен катар өндүрүмдөрү санкцияга кабылбаган европалык ишканаларды Казакстанга көчүрүп келүү маселесин талкуулады. Еврокеңештин төрагасы эл аралык санкцияларды сактоо зарыл экенин жана аларды кыйгап өтүү аракетине жол берилбестигин белгиледи. Ошондой эле ал Евробиримдиктин Москвага каршы киргизилген санкциялары үчүнчү өлкөлөргө багытталбаганын кошумчалады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар "учурдагы геосаясий кырдаалды эске алып", Европа менен Борбор Азиянын ортосунда иштеп жаткан транспорттук коридорлорду кеңейтүүнүн жана жаңысын түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Мындан тышкары Транскаспий эл аралык транспорттук каттамдын мүмкүнчүлүктөрүн жана өнүгүүсүн талкуулашты.

Эки лидер Казакстан менен ЕБдин ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу келишимди, ЕБдин Борбор Азия боюнча стратегиясын, ошондой эле ЕБдин Борбор Азия үчүн жаңы демилгелерин ишке ашырууну макулдашты. Мындан тышкары тараптар аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги маселелер, анын ичинде Ооганстан боюнча пикир алмашты.

Буга чейин төрт укук коргоо уюму Шарль Мишелди Казакстан менен Өзбекстанга жасаган сапарында Борбор Азия өлкөлөрүндөгү адам укуктарынын абалы тууралуу маселени көтөрүүгө чакырышкан. 25-октябрда жарыяланган билдирүүсүндө алар Мишелди "Евробиримдик аймактагы адам укуктарынын абалы боюнча "сезилерлик жылыштарды күтүп жатканын" Борбор Азия лидерлерине жеткирүүгө үндөшкөн.

ЕБ менен Казакстандын ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу макулдашууда экономика жана соода баштаган ондогон тармак боюнча кызматташуу каралган. Буга чейин укук коргоо уюмдары макулдашуудагы шарттардын бири адам укуктарынын жана жарандардын эркиндигинин сакталышы болушу керектигин белгилешкен.

XS
SM
MD
LG