Ссылки доступа

Казакстанда Назарбаевдин иниси Кайрат Сатыбалдынын активдери мамлекетке кайтарылды


Казакстанда мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин иниси Кайрат Сатыбалдынын активдери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу өлкөнүн Мамлекеттик мүлк жана менчиктештирүү комитети билдирди.

LS басылмасынын маалыматына караганда, мамлекеттин менчигине "Казактелекомдун" 3 084 893 жөнөкөй акциясы өттү. Анын ичинде Skyline Investment Company S.A компаниясынын 2 671 481 (24,95%), "Алатау Капитал Инвесттин" 413 412 (3,8%) жөнөкөй акциясы бар.

Мамлекеттик мүлк жана менчиктештирүү комитетинин маалыматына караганда, аталган акциялардын топтому баалангандан кийин өкмөттүн токтому менен "Самрук-Казына" фондунун жайгаштырылган акцияларын төлөөгө жумшалат.

Кайрат Сатыбалды Нурсултан Назарбаевдин бир тууганы, маркум Сатыбалды Назарбаевдин уулу. Ал быйыл сентябрда мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен алты жылга соттолгон. Мындан тышкары мамлекеттик сыйлыктарынан жана Улуттук коопсуздук комитетинин генерал-майору наамынан ажыратылып, 10 жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынган.

Кайрат Сатыбалды быйыл март айында кармалып, ага "Алдамчылык же ишенимге кирүү менен мүлккө зыян келтирүү" жана "Ишенип берилген мүлктү уурдоо же өзүнө ыйгарып алуу" беренелери боюнча айып тагылган.

Август айында Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы "тергөөнүн жүрүшүндө бул иштин фигуранттары мыйзамсыз ээ болгон 500 миллион доллардан ашык суммага бааланган активдер мамлекетке кайтарылганын" билдирген.

Forbes Kazakhstan басылмасы Назарбаевдин инисин өлкөдөгү эң таасирдүү ишкерлердин тизмесине кошкон.

2021-жылы "Азаттыктын" казак кызматы Кайрат Сатыбалды "Казахтелеком" телекоммуникациялык компаниясынын 24 пайыз акциясына ээлик кылган Skyline Investment Company S.A офшордук фирмасынын жападан жалгыз негиздөөчүсү экенин жазган. Бул маалымат люксембургдук LRB реестринин документинен алынган.

Казакстанда экс-президенттин жакындарын камоо жана жогорку кызматтардан алуу – 2022-жылдын башында болгон кандуу Январь окуяларынан кийин башталган.

XS
SM
MD
LG