Ссылки доступа

Москвада Орозайым Нарматова кармалганы кабарланды


Орозайым Нарматова
Орозайым Нарматова

Москвада "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын жакындары билдиришти.

Азырынча Нарматованын кармалышы боюнча Кыргызстандын укук коргоо органдары комментарий бере элек. Анын кайсы иш боюнча жана эмне себептен кармалганы жөнүндө так маалымат жок.

Орозайым Нарматова "Кемпир-Абадды коргоо" комитетинин мүчөсү. Буга чейин бул комитеттин бир канча мүчөсү жана активисттер менен саясатчылар кармалып, аларга жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көрүү айыбы тагылган.

27-октябрда "Кемпир-Абадды коргоо" комитетинин мүчөсү жана уюштуруучусу Мамбетжунус Абылов милицияга сурак бергенден кийин 48 саатка убактылуу кармоочу жайга камалганы белгилүү болгон.

26-октябрда Абыловдун үйү тинтүүгө алынып, эртеси Ички иштер министрлигине суракка чакырылган.

Мурдагы элчи жана экс-министр Мамбетжунус Абылов 25-октябрда маалымат жыйынын өткөрүп, "Кемпир-Абадды коргоо" комитетинин бийликти алмаштыруу ниети болбогонун айткан. Бишкекте 22-октябрда өткөн жыйында Кемпир-Абад боюнча Өзгөндө өткөн курултайдын чечими талкууланганын белгилеген.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, кийин соттун чечими менен дээрлик баары эки айга камалган. Алардын арасында активист Атай Бейшембек комитетке мүчө эмес экенин жана алардын жыйынына катышпаганын сотто билдирген. Камалгандардын көбү акыркы күндөрү "Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы" болушкан.

ИИМ аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG