Ссылки доступа

Министрлик "Азаттык Медиа" мекемесинин каттоо документтерин текшерди


27-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин адистери "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесине келип, "Азаттык Медиа" мекемесинин каттоо тууралуу документтерин толугу менен текшерип, көчүрмөлөрүн алып кетишти.

Бул тууралуу "Азаттык Медиа" мекемесинин жетекчиси Айзада Касмалиева билдирди.

"Биздин каттоо документтерибизди текшерип, баарынын көчүрмөлөрүн алып кетти. Мындан тышкары 28-сентябрдан 28-октябрга чейинки "Азаттык Медиа" тарабынан даярдалган бардык ТВ жана радио материалдарды көчүрүп берүүбүздү талап кылды", - деди Айзада Касмалиева.

Министрлик бул текшерүү эки күн мурдагы "Азаттыктын" сайтын бөгөттөө чечимине байланышы жоктугун белгиледи. Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Салкын Сарногоева учурда ушундай эле текшерүү бир нече маалымат каражаттарында жүргүзүлүп жатканын "Азаттыкка" билдирди.

"Бул текшерүү биздин министрлик тарабынан "Радио жана теле берүү" жөнүндө мыйзамдын алкагында жыл сайын жүргүзүлүп келген иш-чаралардын негизинде болуп жатат. Анын "Азаттыктын" сайтын бөгөттөө чечимине тиешеси жок. Буга чейин мындай текшерүүлөрдүн негизинде "Любимый", "Семейный" жана башка бир катар телеканалдардын эфирлери токтотулуп, 5-каналга эскертүү берилген", -деди Сарногоева.

26-октябрда министрлик "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарды. Расмий билдирүүдө "маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес (жалган) материалдарга (2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялар тууралуу такталбаган маалыматтар) байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү" айтылат.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга байланыштуу билдирүү жасап, сөз болгон материалда журналистиканын эл аралык стандарттары сакталганын белгилеген.

“Азаттыкка” тилектештигин жергиликтүү жана эл аралык башка да ири уюмдар, саясатчылар, активисттер билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG