Ссылки доступа

Сеулда каза болгондор арасында казак жана өзбек жарандары бар


Сеулдагы тыгын
Сеулдагы тыгын

Түштүк Кореяда тыгында каза болгондордун арасында Казакстандын жараны бар. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдирип, сөөктү мекенине алып келүү иштери уюштурулуп жатканын маалымдады.

26 жаштагы кыз Актөбө облусунан болот, ал Түштүк Кореядагы жогорку окуу жайлардын биринде билим алып жаткан.

Өзбекстандын Түштүк Кореядагы элчилиги да каза тапкандардын арасында өзбек жараны бар экенин маалымдап, маркумдун жакындарына көңүл айтты. Маркумдун тек-жайы, ал жакта окуганы же иштегени тууралуу маалымат берилген жок.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги набыт кеткендердин арасында кыргыз жарандары жоктугун билдирген.

Түштүк Кореяда Хэллоуин күнүн белгилөөгө чогулгандар арасында пайда болгон тыгындан 150дөн ашуун адам каза таап, 82 киши жараат алды. Окуя 29-октябрда өлкөнүн борбор калаасы Сеулдун Итхэвон деген жеринде болгон. Көз жумгандардын 19у чет өлкөлүктөр экени аныкталган.

XS
SM
MD
LG