Ссылки доступа

1-ноябрдан тарта COVID-19га байланыштуу өзгөчө режим алынды


Кыргызстанда бүгүн, 1-ноябрдан тарта коронавирус инфекциясына байланыштуу өзгөчө абал режими алынды. Бул чечимге Миристрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Өзгөчө абал режими 2020-жылдын 22-мартында өлкөдө массалык оорулардын алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында киргизилген. Ага чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус оорусун пандемия деп жарыялаган.

Саламаттык сактоо министрлиги учурда COVID-19 инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу, өлкөнүн бардык аймагы жашыл зонада деп билдирүүдө.

Министрлик COVID-19 инфекциясына чалдыккандардын санын эки аптада бир жарыялап жатат.

17-23-октябрда Кыргызстанда 65 адам коронавирус жуктурганы лабораториялык жактан тастыкталган. Анын ичинен 14 бейтап ооруканага жаткырылды, 51 адам үйүнөн дарыланууда.

Жыл башынан бери Кыргызстанда 21 651 адам коронавируска чалдыккан. Жалпы пандемия башталгандан берки аралыкта 3 миңдей адам оорудан көз жумган.

XS
SM
MD
LG