Маркумдун апасы Гүлбану Шерниязованын айтымында, Мадина Хэллоуин майрамына бара жатып ага видео аркылуу байланышкан. Достору менен бирге баратканын жана майрамдык маанайда экенин көрсөткөн.
26 жаштагы Мадина Шерниязова Актөбө шаарындагы №27 орто мектепте окуган. Казан федералдык университетинин чыгыш факультетиндеги корей тили бөлүмүн аяктап, Сеул шаарынын жогорку окуу жайларынын бирине магистратурага өткөн.
№ 27 мектептин директорунун орун басары Алтынгүл Аткиева Мадина окуучу кезде эле тил үйрөнүүгө дилгир болгонун айтты.
— Ал биздин мектепти 2013-жылы аяктаган. Абдан жакшы окуган. Англис тилин терең окуткан классты аяктаган. Андан соң Казан университетине өткөн, - деди Аткиева.
Мадина — үйдөгү эки кыздын кенжеси, корей тилин 8-класттан үйрөнүп баштаган.
— Жолдошум Беибит атайын каттам менен Сеулга баруу үчүн Алматыга кетти. Эртең кызыбыздын сөөгүн Актөбөгө алып келет деп үмүттөнөм. Казакстандын Түштүк Кореядагы элчилиги байланышып, көмөк көрсөтүүгө убада берди, - деди Гүлбану Шерниязова.
Түштүк Кореяда Хэллоуин күнүн белгилөөгө чогулгандар арасында жаралган тыгындан улам 150дөн ашуун адам каза тапкан. Окуя 29-октябрда өлкөнүн борбор калаасы Сеулдун Итхэвон деген жериндеги кууш көчөдө болгон. Көз жумгандардын 19у чет өлкөлүктөр экени аныкталган.