Ссылки доступа

Тажикстанда электр энергиясы үчүн карызы барлардын тизмесинде бюджеттик мекемелер көп


Фархор айылынын борбордук көчөсү
Фархор айылынын борбордук көчөсү

Тажикстандын Фархор районундагы бюджеттик мекемелердин электр энергиясы үчүн карызы 600 миң сомониге (60 миң доллар) жетти. Бул тууралуу "Озоди" радиосунун аймактагы кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, алардын ичинен райондук акимчиликтин карызы 22 миң сомониден (2200 доллар) ашат.

"Электр энергиясы үчүн карыз бизде эле эмес, ички иштер жана саламаттык сактоо башкармалыктарында да бар. Аны төлөйбүз. Анын баарын бюджет жабат, эч кандай маселе жок", – деди район башчысы Зариф Назри.

Ошол эле маалда ал карыз кантип топтолуп калганын, эмне үчүн каражат мамлекеттик "Барки Точик" энергохолдингинин эсебине өз учурунда которулбаганын тактап айткан жок.

Аким райондук акимчиликтин карызы 16 372 сомониге жеткени белгилүү болгон жай айларында эле аны жабууну убадалаган. Бирок андан бери карызга дагы 6 миң сомони кошулган.

Тажикстанда жергиликтүү телеканалдар калкты электр энергиясын үнөмдөп колдонууга жана жарык үчүн өз убагында төлөп турууга үндөп жатышат. Өз кезегинде тургундар алардын аз эле карызы үчүн электр энергиясы өчүрүлүп, бирок мамлекеттик мекемелерде өчпөй жатканына даттанып келишет.

"Электр түйүндөрүн бөлүштүрүү" ачык акционердик коомунун маалыматына караганда, Тажикстанда калктын электр энергиясы үчүн карызы 1,3 миллиард сомонини (115 миллион доллар) түзөт.

"Барки Точик" энергохолдинги карызынын көбөйүшүн жарандардын электр жарыгы үчүн өз убагында акча төлөбөгөнү менен байланыштырып келет. Бирок эксперттердин айтымында, мамлекеттик энергохолдингдин акчасы коррупциялык схемалар аркылуу кемип жатат. Компаниянын аты-жөнүн айтуудан баш тарткан айрым кызматкерлери белгилегендей, негизинен жогорку кызматтагы аткаминерлердин жакындарына таандык ишканалар электр жарыгы үчүн акча төлөбөйт.

Электр энергиясы үчүн карызы көп ишканалардын арасында - ТАЛКО, Кадастр жана ирригация агенттиги, дыйкан чарбалары жана "Суу чарба" мамлекеттик унитардык ишканасы бар.

XS
SM
MD
LG