Орусияда Тажикстандан барган мигранттар жоголуп жатканы тууралуу билдирүүлөр 10-октябрда Эхсон Аминзода аттуу тажик жараны дайынсыз жоголгону кабарлангандан кийин пайда боло баштаган. Анда Аминзоданын жакындары аны Украинадагы согушка катыштыруу үчүн Орусиянын куралдуу күчтөрүнө кызмат өтөөгө мажбурлашкан болушу мүмкүн экенин айтышкан.
15-октябрда орус ЖМКлары Эхсон Аминзода бирге кызмат өтөгөн аскерлер менен дин тууралуу талаштан кийин шериги экөө аларга кол салып, жыйынтыгында 11 киши өлүп, 15и жарадар болгонун кабарлашкан. Орусиянын бийлиги Белгород шаарына жакын жерде болгон бул окуянын чоо-жайын жашырып, ал тууралуу кеңири маалымат берген эмес.
Тажикстандын Рудаки районунун 24 жаштагы тургуну Акрамжон Шоисматов 10-октябрда дайынсыз жоголгон. Анын таежеси Сайёра Азизова "Озоди" радиосуна телефон чалып, Акрамжон ал күнү жумушунан телефонун оңдотуп келүү үчүн суранып кеткен бойдон кайтып барбаганын айтып берген.
"Ал дайыма кайда жүргөнүн, кандай пландары бар экенин айтып турчу. Милицияга кайрылсак Акромжон Орусиянын чек арасынан чыкпаганын айтышты. Андан соң жергиликтүү аскердик комиссариатка кайрылдык, азырынча жооп келе элек. Акромжон аскердик комиссариатка жеткирилген болушу мүмкүн деп ойлоп жатабыз", – деген Азизова.
20 жаштагы Душанбенин тургуну Саддам Садиров 5-октябрда Москвада жоголгон. Жакындарынын айтымында, ал достору менен жолугуу үчүн кеткенин айтып, ошол бойдон байланышка чыккан эмес. "Эки жума мурда Москва шаардык ички иштер башкармалыгына кайрылганбыз. Дале жооп келе элек", – деди мигранттын апасы Хусумбону Назарова.
Тажикстандын Орусиядагы элчилиги дайынсыз болуп жаткан айрым мигранттардын жакындары мекемеге жардам сурап кайрылганын билдирди. "Мигранттардын жакындары алар Украинадагы согушка жөнөтүлгөн болушу мүмкүн экенин айтып жатышат. Бирок бизге тажик жарандарын мажбурлап Украинага жөнөтүп жатканы боюнча эч ким кайрылган жок", – деп билдирди элчилик кызматкери.
Орусиядагы борбор азиялык мигранттардын укугун коргоо менен алектенген укук коргоочу Каримжон Ёров кесиптештери менен бирге тажик жарандарынын жоголгону боюнча иликтөө жүргүзүп жатканын билдирди. "Айрым мигранттар өз каалоосу менен же башка жолдор аркылуу Украинада согушуп жаткан орус аскерлеринин катарына кошулган. Мигранттардын дагы бир бөлүгүн курулуш компаниялары оккупацияланган аймактарды, анын ичинде Мариуполь шаарын калыбына келтирүү иштерине жөнөтүшкөн", – деди укук коргоочу.
Анын айтымында, Тажикстандын Орусиядагы элчилиги чет өлкөдөгү согуштук аракеттерге катышуу үчүн кылмыш жазасы бар экенин эскерткенден кийин мигранттардын көбү жашыруун иш алып бара баштады.
"Орусиянын бийлиги украин аймагында жүргөн мигранттардын телефон колдонушун каалабайт. Украинага өз каалоосу менен барган, орус жарандыгы жок тажикстандыктар болсо бул тууралуу башка адамдардын билишине кызыкдар эмес. Ал эми Украинадагы согушка катышуу үчүн орус армиясына мажбурланып мобилизациялангандар кандай гана жол менен болбосун бул тууралуу жакындарына кабарлоого аракет кылууда", – деди Ёров.
Ошол эле маалда Орусияда дайынсыз жоголгон тажик жарандары Тажикстандын аймагында табылган учурлар да жок эмес. 12-октябрда ооган-тажик чек арасында Орусияда жоголгон 20 жаштагы Мухаммад Дилшодбойзода кармалган. Тажикстандын Ички иштер министрлиги ал Ооганстандын аймагына өтүүгө аракет кылган маалда Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Дарваз районунда кармалганын билдирген.