Ссылки доступа

БУУнун жумушчу тобу Карим Масимовду эркиндикке чыгарууга үндөдү


БУУнун Негизсиз кармоолор боюнча жумушчу тобу Астананы Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Карим Масимовду "тез арада бошотуу үчүн ыкчам чараларды көрүүгө" чакырды. Бул тууралуу экс-аткаминерди колдоо үчүн түзүлгөн онлайн-ресурс кабарлады.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын сайтына жарыяланган жумушчу топтун билдирүүсүнө ылайык, Масимовдун кармалышы негизсиз эркинен ажыратуу боюнча биринчи жана үчүнчү категорияга туура келип, Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 3чү, 9чу, 10чу, 11-беренелерин, Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын 14-беренесин бузары белгиленген.

Мындан тышкары билдирүүдө Масимовдун ишинин айланасында "жашыруундуулук" көп экени жазылган – үй-бүлөсүндө анын иши боюнча жетиштүү маалымат жок, жакындары менен жолугушуусуна уруксат берилген эмес. Ошондой эле жумушчу топ адвокаттардын ишине да кийлигишүүлөр болуп жатканын белгилешкен.

"Казак өкмөтүн Карим Масимовдун негизсиз эркинен ажыратылышына байланышкан жагдайлардын көз карандысыз иликтенишин камсыз кылууга жана анын укуктарынын бузулушуна жооптуу адамдарга каршы тиешелүү чараларды кабыл алууга чакырабыз. Иштин бардык жагдайларын эске алуу менен көрүлө турган укуктук коргоо чарасы катары Масимовдун токтоосуз бошотулушун жана эл аралык укуккка ылайык ага кенемте алуу укугунун берилишин эсептейбиз", – деп жазылган билдирүүдө.

Карим Масимов "Мамлекетке чыккынчылык кылуу", "Төңкөрүш жасоо аракети" жана "Коррупция" беренелери боюнча айыпталууда. Ал 5-январда, бери дегенде эле 238 адамдын өмүрүн алган Январь окуялары маалында кызматтан алынып, камалган. Масимовго жана анын үч орун басарына каршы козголгон кылмыш иштери "жашыруун" грифи менен тергелүүдө.

29-октябрда Улуттук коопсуздук комитети Карим Масимов менен анын мурдагы орун басары Ануар Садыкуловдун камактагы мөөнөтү 6-декабрга чейин узартылганын билдирген. Мындан тышкары Масимовдун мурдагы орун басарлары Даулет Ергожин 13-декабрга, Марат Осипов 22-декабрга чейин камакта болору кабарланган.

56 жаштагы Карим Масимов өлкөнүн туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин көп жылдан берки санаалашы катары айтылып жүрөт. Ал атайын кызматтын башына 2016-жылы келген. Ага чейин, 2007-2012-жылдары жана 2014-2016-жылдары өкмөттү жетектеген.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG