Ссылки доступа

Казак-өзбек чек арасындагы "Навои-Капланбек" өткөрмө бекети 1,5 жылга жабылат


Өзбекстан менен Казакстандын чек арасындагы "Навои-Капланбек" көзөмөл-өткөрмө бекети 1-ноябрдан баштап 19 айга жабылат.

Ташкент облусунун администрациясы кабарлагандай, көзөмөл-өткөрмө бекетте казак тарап жаңылоо иштерин жүргүзөт.

Августта Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитетинин башчысы Данияр Жаналинов 2022-2023-жылдары тогуз автоунаа жана бир темир жол өткөрмө бекетинде модернизация жана техникалык жаңылоо иштери пландалып жатканын кабарлаган.

Казак тараптын эсеби боюнча бекеттердин автоунаа өткөрүү мүмкүндүгү 8 эсеге көбөйүп, аларды тейлөө тездейт. Мындан тышкары бизнес жараяндарды автоматташтыруу, бажы көзөмөлүн борборлоштуруу жана коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу боюнча чаралар ишке ашары айтылган.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG