Ссылки доступа

"Азаттык" банктагы эсебинин бөгөттөлүшү боюнча расмий түшүндүрмө сурады


"Азаттык Медиа" мекемеси "Демирбанктагы" эсебине бөгөт коюлганына байланыштуу банктан расмий түшүндүрмө сурап кайрылды.

Аталган банктан "Азаттыктын" эсебине бөгөт коюлганын 31-октябрда билдиришкен. Банктын өкүлдөрү бул тууралуу телефон аркылуу оозеки ырастап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) билдирме алышканын айтышкан.

"Азаттык Медиа" ошол эле учурда УКМКга дагы мекеменин банктагы эсебинин бөгөттөлүшүнө байланыштуу расмий түшүндүрмө сурап кат жөнөттү. Азырынча эки тараптан тең жооп ала элек.

Кыргызстандын "Банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамынын 58-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык, юридикалык жана жеке жактардын банктык эсептерде же сактоодо турган акча каражаттарына жана башка баалуулуктарына соттук актынын негизинде камоо коюлушу мүмкүн. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин өтүнүчү, талабы банктык эсеп боюнча операцияларды токтотууга негиз болуп саналбайт. Банк бул норманы бузган учурда, түзүлгөн келишимге ылайык жоопкерчиликти банк тартат. Мындан тышкары, эгерде кызматкерлердин эмгек акысы Эмгек кодексинде белгиленген мөөнөттө өз убагында төлөнбөсө, банк материалдык зыянды төлөп берүүгө аргасыз болот.

Эмгек кодексинин 157-беренесинин талаптарына ылайык, иш берүүчү эмгек акы төлөөнүн, өргүү акысын жана башкаларды төлөөнүн мөөнөттөрүн бузганда, иш жүзүндө эсептешкен күнгө карата ар бир күн үчүн мөөнөтү кечиктирилип төлөнбөгөн сумманын 0,15 пайызын кошумча төлөөгө милдеттүү. Мындай төлөмдөр болгон учурда, иш берүүчү банктык эсептери боюнча операцияларды негизсиз токтоткон банкка регресстик доо кое алат.

Буга чейин УКМКнын басма сөз кызматы "Азаттыктын" эсебине байланыштуу маалыматты тактоо керек экенин айтып, расмий кат жиберүүнү сураган.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. Министрликтин билдирүүсүндө "маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес материалдарга байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү" айтылат.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай эркин медианын үнүн басуу Кыргызстандагы демократияга көлөкө түшүргөн - авторитардык ыкма экенин билдирген.

27-октябрда министрликтин адистери "Азаттык Медиа" мекемесинин каттоо тууралуу документтерин текшерип, көчүрмөлөрүн алып кеткен.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс, Human Rights Watch уюму, "Журналисттерди коргоо комитети" баштаган бир катар эл аралык уюмдар "Азаттыктын" сайтынын бөгөттөлгөнүн сындады.

Видео

XS
SM
MD
LG