Ссылки доступа

Казакстандагы мектептердин 90% интернеттин ылдамдыгы жай


Казакстанда мектептердин 10 пайызында гана интернеттин ылдамдыгы талапка жооп берет. Бул тууралуу 1-ноябрдагы өкмөт жыйынында өлкөнүн санариптик өнүгүү министри Багдат Мусин билдирди.

Министрдин айтымында, 664 мектепте гана интернет тез иштейт.

— Биздин анализ көрсөткөндөй, 7 078 мектептин ичинен 6 414үндө же 90,61 пайызында интернет ылдамдыгы төмөн, - деди Мусин.

Казакстан боюнча 20 мектеп Интернетке таптакыр кошулган эмес. Бул алыскы айылдардагы аз бала окуган мектептер. Ошол эле маалда Алматыда эки жана Астанада бир мектеп да дүйнөлүк желеге кошула элек.

Министр 2024-жылдын декабрь айына чейин спутник технологиялары аркылуу ылдамдыкты көбөйтүү үчүн жыл сайын 3,6 миллиард теңге керек экенин кошумчалды.

Казакстандын мектептеринде интернетке туташуу көйгөйү көп жылдан бери айтылып келет. 2017-жылы Билим берүү министрлиги ар бир класска Wi-Fi орнотуу долбоору башталарын айткан. Долбоор максатына жеткен-жетпегени жөнүндө кабар берилген эмес.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG