Ссылки доступа

Тажикстанда балдарды пневмококк инфекциясына каршы эмдөө өнөктүгү башталды


Тажикстанда 1-ноябрдан тарта бир жашка чейинки балдарды пневмококк инфекциясына каршы эмдөө өнөктүгү башталды.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, вакцина ымыркайлардын арасындагы менингит, сепсис жана пневмония ооруларын азайтууга жардам берет.

Мекеменин Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Навруз Жафаров пневмококк инфекциясына каршы эмдөө Улуттук иммунизация календарына киргизилгенин билдирди.

Ага ылайык, мындан ары балдар пневмококк инфекциясына каршы эки, төрт жана 12 ай курагында вакцина алып турушат. "1-ноябрда эки айлык балдар эмдөөдөн өтөт. Кийинки дозаларын алар кезеги менен Улуттук иммунизация календарында көрсөтүлгөн датага ылайык алышат. Тактап айтканда, пневмококк инфекциясына каршы туруктуу иммунитетти камсыз кылуу үчүн ар бир бала бул вакцинанын үч дозасын алышы керек болот", – деди Жафаров.

Согд облусундагы расмий бийлик адамдарынын айтымында, 2022-жылдын тогуз айында эле респиратордук ооруларга 53 миңден ашык бала жана 18 жашка чейинки курактагы өспүрүм чалдыккан.

Облустук Саламаттык сактоо башкармалыгынын маалыматына караганда, бул аралыкта пневмониядан 16 бала каза болду.

XS
SM
MD
LG