Ссылки доступа

Өзбекстанда турак жай ижара акысы октябрда 16% кымбаттады


Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитети сентябрга салыштырмалуу октябрь айында турак жай ижара акысы орто эсеп менен 16,1% көбөйгөнүн билдирди. Эң жогорку көрсөткүч Ташкентте – 51,6%, эң төмөнкү көрсөткүч Хорезм облусунда –  1% катталган.

Комитет мындан тышкары октябрда керектөө секторунда товар жана кызмат көрсөтүү орто эсеп менен 1,2 % көбөйгөнүн белгилейт. Расмий маалымат боюнча керектөө бааларынын жылдык өсүү темпинин индекси 12, 2% өскөн.

Октябрь айында азык-түлүк товарлары 1,4%, күнүмдүк керектелүүчү товарлар 0,9% жогорулаган.

Буга чейин Орусиядан качып келген жарандар Ташкентте жайгашкандан кийин ижара акысы кымбаттап кеткени айтылган.

Ар кыл маалыматтар боюнча Орусияда мобилизация жарыялангандан бери 700 миң киши чыгып кеткен. Статистика комитетинин билдиришинче, сентябрда Өзбекстанга 78,2 миң орусиялык турист кирген, бул апрелге салыштырмалуу 2,7 эсеге көп.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG