Ссылки доступа

Британ парламентинин мүчөлөрү Мамайдын ишинин негизинде адам укуктарынын бузулганын иликтейт


Британия парламентинин мүчөлөрү камактагы оппозициячыл саясатчы Жанболат Мамайдын ишинин негизинде Январь окуясы учурунда жана окуядан кийин Казакстанда адам укуктары менен эл аралык укук нормаларынын бузулганы тууралуу маалыматты иликтейт.

Өкмөттүк эмес комиссияны Казакстанда аты-жөнүн жашыруун сактаган жарандардын тобу түзгөн. Алар өлкөдө саясий куугунтук менен адам укуктарынын абалынын начарлашына тынчсызданышууда. Лондондогу Bindmans аттуу юридикалык фирманын өнөктөшү Таяб Али 1-ноябрда өткөн онлай жыйында жеке коопсуздукка байланыштуу комиссиядагы казакстандыктардын аты-жөнү жарыяланбай турганын айтты.

Комиссия төрагасы – британиялык саясатчы жана юрист, 2000-жылдары Англия менен Уэльстин прокурордук кызматын башкарган Кеннет Макдональд. Октябрда Макдональд менен британиялык саясатчы Эндрю Митчел, ошондой эле британ парламентинин мүчөсү Рушнар Али Казакстандын Лондондогу элчилигине расмий кат жазган. Алар Казакстан бийлигинен тергөөгө катыштырууну жана Жанболат Мамай менен жолугуштурууну сураган. Эндрю Митчел өткөн аптада өнүгүү боюнча кенже министр болгондуктан, комиссиядан чыккан.

Таяб Алинин айтымында, комиссия 2020-жылдын январь айында болгон окуяга көп кызыкпайт, бирок комиссия мүчөлөрү Мамайдын иши боюнча фактыларды кароого ниеттенүүдө.

Ушул тапта комиссия Мамайды камоого негиз болгон далилдерди, аны жана башка саясий туткундардын камактагы шарты тууралуу маалыматтарды жана далилдерди алуу процессинде. Андан соң комиссия күбөлөр менен казакстандык жана эл аралык укук коргоо уюмдары жиберген далилдерди карап чыгышат. Жыл соңунда күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн угуу боюнча ачык жыйын өткөрүү пландалууда.

Мамайдын иши боюнча иштеген адвокат Ернар Кенжебаев активисттин иши тергелип бүткөнүн, материалдар сотко жөнөтүлгөнүн айтты.

34 жаштагы Жанболат Мамай 26-февралдан бери камакта отурат. Ал жалган маалымат таратууга, бийлик өкүлүнө акараат келтирүүгө жана январда жапырт башаламандыктарды уюштурууга шектелүүдө. Мамай айыптоолорду четке кагып келет. Анын тарапташтары бул саясий иш экенин айтышса, укук коргоочулар активистти саясий туткундардын тизмесине кошкон.

XS
SM
MD
LG