Ссылки доступа

Бекешев "Азаттыктын" банк эсебинин бөгөттөлүшү жөнүндө маселе көтөрдү


Жогорку Кеңештин 2-ноябрдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев "Азаттык Медиа" мекемесинин банктагы эсебинин сот чечими жок бөгөттөлүшү тууралуу маселе көтөрдү.

Буга байланыштуу ал президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.

"Чындыгында банктагы эсептин бөгөттөлүшүнө мыйзамда үч эле негиз бар. Биринчиси - бул салыктан карызы болсо, экинчиси - арам акчаны адалдап, террорчуларга жана экстремисттерге акча которсо, үчүнчүсү - сот чечими болсо. Көпчүлүгү бул "Азаттыкка" гана тиешелүү маселе деп ойлошу мүмкүн. Бирок мыйзамдар бузулбашы керек. Бул өтө жаман көрүнүш, себеби башка тышкы инвесторлор, ички бизнесмендер дагы "бардык эле эсептерди ушинтип бөгөттөп койсо болот турбайбы" деген ойдо калат. Бул банк сектору үчүн өтө терс көрүнүш. Алмасбек Акунжанович, "Азаттыктын" банк эсеби эмне себептен бөгөттөлгөнү тууралуу так маалымат берсеңиздер. Чындыгында жаман көрүнүш болуп жатат", - деди Бекешов.

"Эркин Европа / Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай "Азаттык Медианын" банк эсептеринин эч түшүндүрмөсүз бөгөттөлүшү боюнча билдирүү жасаган.

"Кыргыз бийлигинин мындай эскалациясы Кыргызстандын мыйзамдарын бузуп жаткандай көрүнөт. Биз журналисттерибиздин оозун жабуу аракетине каршы күрөшөбүз", - деген Флай.

Эл аралык медиа корпорациянын жетекчиси "Азаттык" радиосу ишенимдүү маалымат булагы экенин жана ага тоскоолдуксуз иштөөгө уруксат берилиши керектигин кошумчалады.

"Азаттык Медианы" эсебине эч кандай түшүндүрмөсүз бөгөт коюлганы тууралуу мекемени тейлеген "Демирбанк" 31-октябрда маалымдаган. Банктын өкүлдөрү бул тууралуу телефон аркылуу оозеки ырастап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) билдирме алышканын айтышкан.

"Азаттык Медиа" банкка жана УКМКга расмий түшүндүрмө сурап кат жөнөттү. Азырынча эки тараптан тең жооп ала элек.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган.

"Эркин Европа / Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай эркин медианын үнүн басуу Кыргызстандагы демократияга көлөкө түшүргөн - авторитардык ыкма экенин билдирген.

27-октябрда министрликтин адистери "Азаттык Медиа" мекемесинин каттоо тууралуу документтерин текшерип, көчүрмөлөрүн алып кеткен.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс, Human Rights Watch уюму, "Журналисттерди коргоо комитети" баштаган бир катар эл аралык уюмдар "Азаттыктын" сайтынын бөгөттөлгөнүн сындады.

XS
SM
MD
LG