Ссылки доступа

Орусиянын Украина менен чектешкен аймактарында окуп жаткан өзбек студенттери Өзбекстандын ЖОЖдоруна которулат


Орусиянын Украина менен чектешкен Курск, Брянск, Белгород, Воронеж, Ростов жана Краснодар облустарындагы жогорку окуу жайларда (ЖОЖ) билим алып жаткан өзбек жарандары Өзбекстандын мамлекеттик ЖОЖдоруна которулат.

Мамлекеттик тестирлөө борборунун маалыматына караганда, Орусияда окуп жүргөн студенттерге мындай уруксат мамлекеттик комиссиянын атайын токтому менен берилди.

Комиссиянын чечимине ылайык, студенттер берген арызынын негизинде окуусун өз адистигиндеги же ага жакын багыттагы факультеттерде улантышат.

Өткөн айда Курс медициналык университетинде окуп жаткан өзбекстандык студенттердин тобу президент Шавкат Мирзиёевге кайрылышкан. Алар Орусия менен Украинанын ортосундагы согушка кабатырланып жатышканын айтып, Өзбекстандын ЖОЖдоруна которууну өтүнүшкөн.

Көп өтпөй Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн Орусиядагы дипломаттары студенттердин кайрылуусун карай баштаганын билдирген.

XS
SM
MD
LG