Ссылки доступа

Түрк мамлекеттеринин уюмунун саммити маалында Самарканд аэропорту жабык болот


Самарканд эл аралык аэропорту техникалык себептерден улам 8-ноябрдан 12-ноябрга чейин жабык болот. Бул тууралуу "AviaAlertsUZ" телеграм-каналы кабарлады.

11-ноябрда Самарканд шаарында Түрк мамлекеттеринин уюмунун алгачкы саммити өтөт.

Сентябрдын аягында Түркиянын тышкы иштер министри Мавлуд Чавушоглу бул саммитте Түркмөнстан Түрк мамлекеттеринин уюмуна толук кандуу мүчө болуп кирерин билдирген.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги аталган уюмдун алгачкы саммити 11-ноябрда Самарканд шаарында өтөрүн ырастады. Бирок мекеменин билдирүүсүндө Түркмөнстан уюмдун мүчөлүгүнө кабыл алынары жөнүндө эч нерсе жазылган эмес.

Түрк мамлекеттеринин уюму 2009-жылы октябрда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши (Түрк кеңеши) катары түзүлүп, курамына Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия кирген.

Өзбекстан уюмга кирүү ниетин 2018-жылы билдирип, 2019-жылы Баку шаарында өткөн саммитте кабыл алынган.

2021-жылы ноябрда Стамбулда өткөн саммитте Түрк кеңешинин аталышы Түрк мамлекеттеринин уюму деп өзгөртүлгөн.

15-16-сентябрь күндөрү Самаркандда Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өткөн. Анда 14чү жана 16-сентябрда Самарканд аэропорту жабылып, жарандардын шаарга кирүүсү чектелген. Мындан тышкары 29-августта облустук билим берүү башкармалыгы Самарканддагы мектептерде сабактар 19-сентябрда башталарын билдирген. Азырынча Түрк мамлекеттеринин уюмунун саммитине карата мындай коопсуздук чаралары көрүлөр-көрүлбөсү белгисиз. Өзбекстандын өкмөтү менен Самарканд шаардык акимчилиги бул боюнча эч кандай маалымат бере элек.

Түрк мамлекеттеринин уюмуна Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан мүчө. Венгрия менен Түркмөнстан бул уюмда байкоочу макамына ээ.

XS
SM
MD
LG