Ссылки доступа

Казакстанда тажик мигранттары көбөйүүдө


Астанадагы дүң базар
Астанадагы дүң базар

Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларынан улам Орусияда экономикалык абал оорлошуп, тажик мигранттары Казакстандан иш издей башташты. Алар Орусияга караганда бул өлкөдө азыраак акча таап жатышканын, бирок мында өздөрүн коопсуз сезишерин билдирүүдө.

Тажикстандык ондогон мигрант Астана шаарындагы "Шарын" дүң базарында иштейт.

35 жаштагы Хамза Бобоев Казакстандын баш калаасына жакында эле барган – ал базарда жашылча-жемиш сатып, кээде жүк ташып иштейт.

"Мурда Сочиге барып иштечүмүн. Ал жакта акчаны жакшы төлөп беришет. Казакстанда азыраак табам, бирок бул жерде полициячылар келгендерге көп тийише бербейт. Орусияда документи жайында болгон мигранттарды деле кармап, полиция бөлүмүнө жеткиришчү", - деди ал.

Мигранттын айтымында, Орусияда ал 70 миң рубль тапса, Астанада анын кирешеси айына 40 миң рублдан ашпайт.

Тажик мигранттарынын айтымында, Орусиядан айырмаланып, Казакстанда жек көрүүчүлүк жана ксенофобияга байланыштуу кылмыштар сейрек.

Ошол эле маалда Казакстанда да Орусиядагыдай эле жыл сайын миграциялык мыйзамдарды бузган чет элдиктер көп санда депортацияланат. 2022-жылы Казакстандан 48 тажик жана өзбек жарандары депортацияланган.

Астанада курулушта иштеген тажик мигранттары да бар. Алардын айрымдары Комрон Ражабзода сыяктуу Орусия өлкөгө кирүүгө беш жылга тыюу салынгандан кийин Казакстанга келишкен.

"Орусия Казакстанга салыштырмалуу өнүккөн өлкө, ал жакта көбүрөөк акча табууга болот. Бизди Орусиядан каттоонун жоктугунан депортациялашкан. Биз Казакстанга келүүгө аргасыз болдук", - деди Ражабзода.

Астанада канча тажик мигранты иштей турганы белгисиз. Тажикстандын Эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыздоо министрлиги быйыл июлда Казакстанда 10,5 миң тажикстандык иштеп жатканын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG