Ссылки доступа

Кыргыз-өзбек ТИМ башчылары чек ара жана Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча келишимге кол коюшту


Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов 3-ноябрдагы жолугушуу учурунда бир нече документтерге кол коюшту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Министрлер Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге, өкмөттөр ортосундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга, суу чарба маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Мындан сырткары Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Өзбекстандын “Узархив” агенттигинин ортосундагы кызматташуу меморандумуна, ТИМдердин кызматташтыгы боюнча программага кол коюлду. Соңунда биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

Ушул эле күнү Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын тышкы иштер министрин кабыл алды. Владимир Норов Садыр Жапаровго эки өлкөнүн министрлеринин деңгээлинде эки тараптуу жолугушуу өткөнүн, анын ичинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарын уюштуруу жана башка маселелер талкууланганы тууралуу маалымат берди.

Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусунун долбоорун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 31-октябрда көпчүлүк добуш менен жактырган.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча макулдашуу тууралуу мамлекеттик "Кабар" маалымат агенттигине маек куруп, кош башкарууда "кыргыз тарап эч кандай чыгым көтөрбөй турганын" белгилеген.

Кыргызстанда Кемпир-Абад ишине байланыштуу "массалык башаламандык уюштурууга даярданды "деген шек менен камакка алынгандардын жалпы саны 26га жетти. Буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычына жакын жайгашкан Өзгөн районунда нааразылык акциялары өткөн.

XS
SM
MD
LG