Ссылки доступа

Тажикстандын Башкы прокуратурасы журналист Абдулло Гурбатинин иши боюнча маалымат берди


Абдулло Гурбати

Тажикстандын Башкы прокуратурасы журналист жана блогер Абдулло Гурбатиге өкүм чыккандан бир ай өткөндөн кийин кылмыш иши боюнча кенен маалымат берди.

4-октябрда Шохмансур райондук соту 26 жаштагы журналист Абдулло Гурбатини жети жарым жылга эркинен ажыраткан. Ал жазасын күчөтүлгөн режимдеги колонияда өтөйт. Гурбати "Бийлик өкүлүн кемсинтүү, зомбулук көрсөтүү" жана "Экстремисттик уюм менен кызматташуу" беренелери боюнча айыпталган.

Тажикстандын Башкы прокуратурасынын маалымат кызматы 3-ноябрда жарыялаган билдирүүсүндө журналист экстремизм менен тажик өкмөтүнүн саясатын жаманатты кылууга айыпталганын билдирди. Мисал катары Абдулло Гурбатинин соцтармактагы комментарийлеринин бири тиркелген:

“Бул улуттун чыныгы жол башчысы болсо, бул өлкөдө жок дегенде бир мыйзам аткарылмак, бул өкмөттө чыныгы бир министр болсо, жаш жигит армиядан качуу үчүн экинчи кабаттан секирмек эмес... Мага канчалык акарат келтирсеңер да, мен силердин “жердеги бейишиңерге” ишенбейм. Мен бир дагы улуттук идеага ишенбейм, бир дагы министрге ишенбейм, улут лидерине ишенбейм”.

Абдулло Гурбати бул комментарийин Яван районунун медициналык колледжинин студенти автобус кыймылына тоскоолдук жаратып, ага таш ыргытып жаткан учуру тартылган видеонун астына жазган. YouTube’дагы видеонун автору бул автобус менен орган өкүлдөрү келгенин, алар мамлекеттик сынактан кийин студенттерди армияга алып кетүүнү пландашканын билдирген. Видеодо студенттер экинчи кабаттан секирип жатканы көрүнгөн.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы Абдулло Гурбатини Тажикстандын Улуттук альянсы менен Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясына жакын “АздоТВ”сайтынын видеосюжеттерин колдонууга айыптады.

Абдулло Гурбати милициянын майорунун погонун жана формасынын төрт топчусун жулуп алууга, ага кошумча кол көтөрүүгө да күнөөлөнгөн.

26 жаштагы Гурбати акыркы үч жылдан бери "Азия Плюс" агенттиги үчүн видеосюжеттерди даярдап келген. Мындан тышкары ал "Фейсбуктагы" баракчасына коомдогу көйгөйлүү маселелер боюнча курч пикирин жазып турган.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG