Ссылки доступа

Тажикстанда мамлекеттик айыптоочу журналист Завкибек Саидаминиге 7,5 жыл жаза сурады


Тажикстанда мамлекеттик айыптоочу журналист Завкибек Саидаминини 7,5 жылга эркинен ажыратууну сурады. Бийлик аны өлкөдө тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясы менен кызматташууга айыптоодо.

Судья менен адвокат сот жараяны жөнүндө маалымат берген жок. "Озодинин" өз булактары кабарлагандай, журналист бардык айыптоолорду четке каккан.

«Завкибек Саидамини бир дагы партия же кыймыл менен кызматташпаганын билдирди. Тескерисинче, ал мамлекеттик телеканалдагы иши тууралуу эскертип, убагында Сириядагы жихадчылардан коркутуп-үркүтүүлөр да болгонун айтты. Тараптар акыркы сөзүн айтты жана сот кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти», - деди өз булак.

Завкибек Саидамини быйыл 8-июлда Вахдат шаарында кармалып, Душанбедеги тергөө абагына жеткирилген. Ал мамлекеттик телеканалдан кеткенден кийин соода менен алектенип, андан соң курулушта кранда иштеп жүргөн. Ошол эле маалда блогерлик кылып, акыркы кездери камалган журналисттердин маселесин көтөрүп келген.

2020-жылы Завкибек Саидамини Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасынын депутаттарын шайлоого талапкерлигин койгон. Бирок шайлоо комиссиясы журналист топтогон кол тамгалардын арасында жалган адамдар бар экенин айтып, аны талапкер катары каттоодон баш тарткан.

XS
SM
MD
LG