Ссылки доступа

Түрк мамлекеттеринин уюмунун саммитине байланыштуу Самарканд шаарына кирүүчү жолдор жабылат


10-11-ноябрь күндөрү Самарканд шаарына кирүүчү жолдор убактылуу жабылат. Бул тууралуу Самарканд облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, облустун аймагы аркылуу транзит менен өтө турган транспорт каражаттары үчүн айланма жолдор уюштурулат. Мындан тышкары саммит маалында Самарканд шаарындагы айрым көчөлөрдө автоунаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Күн мурун Түрк мамлекеттеринин уюмунун саммитине байланыштуу Самарканд эл аралык аэропорту 8-ноябрдан 12-ноябрга чейин жабык болору кабарланган.

Түрк мамлекеттеринин уюмунун алгачкы саммити Самарканд шаарында 11-ноябрда өтөт. Уюмга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан мүчө. Венгрия менен Түркмөнстан байкоочу макамына ээ.

Түрк мамлекеттеринин уюму 2009-жылы октябрда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши (Түрк кеңеши) катары түзүлүп, курамына Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия кирген.

2021-жылы ноябрда Стамбулда өткөн саммитте Түрк кеңешинин аталышы Түрк мамлекеттеринин уюму деп өзгөртүлгөн.

Өзбекстан уюмга кирүү ниетин 2018-жылы билдирип, 2019-жылы Баку шаарында өткөн саммитте кабыл алынган.

Быйыл 15-16-сентябрь күндөрү Самаркандда Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өткөн. Анда да Самарканд эл аралык аэропорту жабылып, жарандардын шаарга кирүүсү чектелген.

XS
SM
MD
LG