Ссылки доступа

Казакстан: АМТ компаниясына таандык дагы бир шахтада жумушчунун сөөгү табылды


6-ноябрда "АрселорМиттал Темиртау" компаниясына таандык "Казакстан" шахтасында бир жумушчунун сөөгү табылды. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы кабарлады.

"Жекшемби күнү "Казакстан" шахтасынын аймагында көмүр департаментинин бөлүмдөрүнүн биринде иштеген жумушчунун сөөгү табылды. Окуя катталган маалда ал нөөмөттө болгон эмес", – деп жазылган компаниянын билдирүүсүндө.

Жумушчунун өлүмү боюнча полиция тергөө иштерин баштаганы кабарланды.

3-ноябрга караган түнү "АрселорМиттал Темиртау" компаниясына таандык Ленин атындагы шахтада метандын бөлүнүп чыгуусунан улам жарылуу болуп, беш жумушчу каза тапкан. Дагы төрт жумушчу түрдүү жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Алардын биринин абалы оор бойдон калууда.

Кырсыктын эртеси Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министри Юрий Ильин кошумча маалыматтык түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тилкелерди текшерүү үчүн "АрселорМиттал Темиртау" компаниясынын шахталарындагы бардык иштер бир суткага токтотулганын билдирген.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG