Ссылки доступа

Тажикстанда жарандык активист Ораз Вазирбеков 16 жылга соттолду


Ораз Вазирбеков
Ораз Вазирбеков

Тажикстанда жарандык активист жана Москвадагы памир диаспорасынын лидерлеринин бири Ораз Вазирбеков 16 жылга эркинен ажыратылды.

"Озоди" радиосунун маалыматына караганда, мындай өкүмдү Душанбе шаардык соту 5-ноябрдагы отурумунда кабыл алды. Ага соттолуучунун жакындары катыштырылган жок.

Ораз Вазирбеков "Экстремизм" жана "Интернет аркылуу Конституциялык түзүлүштү кулатууга чакырык жасоо" беренелери менен айыпталган. Мындан тышкары ага тажик укук коргоо органдарынын 2012-жылкы Хорогдогу атайын операциясында жабыркагандарга жөнөткөн бадахшандык мигранттардын акчасын өзүнө ыйгарып алган деген айып тагылган.

Акыркы жылдары иниси Рамзи Вазирбеков менен Москвада иштеп жүргөн Ораз социалдык түйүндөр аркылуу тажик өкмөтүнүн аракеттерин сындап келген. Азырынча анын жакындары шаардык соттун өкүмү боюнча жогорку баскычка даттануу боюнча чечим кабыл ала элек.

Буга чейин Вазирбековдун туугандары тергөөнүн жүрүшүндө бир катар мыйзамдар бузулганын айтышкан. Мындан тышкары Тажикстандагы адвокаттардын баары иштин Бадахшандагы окуяларга байланыштуу экенин билгенден кийин активисттин укуктарын коргоодон баш тартышканын билдиришкен. Мамлекет тарабынан дайындалган адвокат айыпталуучунун жакындары менен байланышка чыккан эмес.

Ораз жана Рамзи Вазирбековдор быйыл 29-июлда Екатеринбургдан учуп баргандан кийин Домодедово аэропортунда дайынсыз жоголгон. Эртеси YouTube-каналдардын бирине видео жарыяланып, алар бийликтин Хорог окуялары боюнча суроолоруна жооп берүү үчүн Тажикстанга өз каалоолору менен келгенин айтышкан.

Вазирбековдун жубайы Сабрина Отамбекова күйөөсү Тажикстанга өз эрки менен келбегенин, Интернетке жарыяланган видеону тажик бийлиги атайын уюштуруп тартканын билдирген.

Быйыл май айында Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы ондогон кишинин өмүрүн алган жапырт башаламандыктардан кийин Тажикстандын укук коргоо органдары жүздөгөн адамды, анын ичинде жергиликтүү активисттерди кармаган. Алардын айрымдарына өкүм чыгып, узак мөөнөттөргө эрктеринин ажыратылышты.

Эл аралык укук коргоо уюмдары бул аракети үчүн Тажикстандын өкмөтүн кескин сынга алышкан. Жакында эле Human Rights Watch уюму тажик бийлигине кайрылып, Тоолуу Бадахшандын тургундарын мыйзамсыз камакка алууну жана адилетсиз сот отурумдарын өткөрүүнү токтотууга үндөгөн.

XS
SM
MD
LG