Ссылки доступа

Өмүрбек Текебаев ИИМде күбө катары сурак берип чыкты


6-ноябрда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгында күбө катары сурак берип чыкты. Бул тууралуу "Азаттыкка" элчинин адвокаты Чынара Жакупбекова билдирди.

Анын айтымында, Өмүрбек Текебаев Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан оппозициялык саясатчыларга жана активисттерге каршы "массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн" деген шек менен козголгон иш боюнча суралды. Элчи тергөөнүн материалдарын жарыялабоо тууралуу кол коюп берген.

Германиядан Кыргызстанга 5-ноябрда келген Өмүрбек Текебаев ИИМге күбө катары сурак бериш үчүн 6-ноябрда жеткирилген. Саясатчы Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп быйыл февраль айында дайындалган.

Ички иштер министрлиги сурак тууралуу азырынча маалымат бере элек.

XS
SM
MD
LG