Ссылки доступа

Январь окуялары: Карим Масимовдун иши сотко өттү


Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) экс-төрагасы Карим Масимовдун жана анын мурдагы орун басарларынын иши сотко өттү. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди.

"Башкы прокуратура УККнын мурдагы төрагасына козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча тергөө органынын айыптоо актысын бекитти. Кылмыш иши Астананын кылмыш иштери боюнча райондор аралык сотуна жөнөтүлдү", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Башкы көзөмөл органдын маалыматына караганда, айыпталуучу Карим Масимов менен анын мурдагы орун басары Ануар Садыкуловдун иштери "Мамлекетке чыккынчылык кылуу", "Бийликти күч менен басып алуу аракети", "Бийлигин жана кызмат абалын кыянат пайдалануу менен оор кесепеттерге алып келүү" беренелери боюнча сотко өттү.

Масимовдун дагы бир мурдагы орун басары Даулет Ергожиндин иши сотко "Бийликти күч менен басып алуу аракети", "Бийлигин жана кызмат абалын кыянат пайдалануу менен оор кесепеттерге алып келүү" бенерелери менен өттү. Ошондой эле "Бийлигин же кызмат абалын кыянат пайдалануу" беренесинин түрдүү бөлүмдөрү менен айыпталып жаткан УКК төрагасынын мурдагы орун басары Марат Осиповдун, УКК департаментинин жетекчисинин мурдагы орун басары Акиповдун жана УКК башкармалыгынын мурдагы башчысы Бекмураттын иштери да сотко өттү. Башкы прокуратура бул жарандарга карата козголгон кылмыш иштери "жашыруун" грифи менен тергелип, сотто жабык караларын белгиледи.

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин көп жылдан берки санаалашы, 56 жаштагы Карим Масимов кеминде 238 кишинин өмүрүн алган Январь окуялары маалында кызматтан алынып, ага карата тергөө иштери башталган.

29-октябрда Масимов менен анын мурдагы орун басары Ануар Садыкуловдун камактагы мөөнөтү 6-декабрга чейин узартылган. Мындан тышкары Даулет Ергожиндин камактагы мөөнөтү 13-декабрга, Марат Осиповдугу 22-декабрга чейин узартылган. Акипов менен Бекмурат тергөө иштери аяктаганга чейин белгилүү аймактан чыкпоо шарты менен бошотулган.

Октябрдын аягында БУУнун Негизсиз кармоолор боюнча жумушчу тобу Астананы Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Карим Масимовду "тез арада бошотуу үчүн ыкчам чараларды көрүүгө" чакырган. Мындан тышкары казак өкмөтүн "Масимовдун негизсиз кармалышына байланышкан жагдайлардын толук жана көз карандысыз иликтенишин камсыз кылууга жана УКК экс-төрагасын тез арада эркиндикке чыгарууга" үндөшкөн.

Өз кезегинде Казакстандын Тышкы иштер министрлиги "казак тарап эл аралык практиканын бардык нормаларына жана улуттук мыйзамдарга ылайык толук жооп берерин" билдирген. "Биз көтөрүлүп жаткан маселелер боюнча ишти ашыкча саясатташтырбастан жана конкреттүү фактылар менен талкуулоого даярбыз. Бул эң маанилүү жагдай болуп эсептелет", деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG