Ссылки доступа

Казакстанда тажик имамы жетектеген мечит электр кубатын өндүрүп сатат (видео)


Яхьёходжа Исмоилов
Яхьёходжа Исмоилов

Тажикстандагы жана башка мусулман мамлекеттериндеги көптөгөн мечиттер негизинен элден түшкөн акчанын эсебинен жашаса, Казакстандагы имам өз мечитин демөөрчүлөрдүн каражатысыз камсыздоонун жаңы ыкмасын ойлоп тапкан.

Астанадагы Яхьёхожи Исмоиловдун мечити энергетикалык жактан көз карандысыз: бул жердин өз электр кубаты бар, ашкан жарыкты шаарга сатып, мечиттин чыгымдарын жабышат.

Мечиттин имамы Яхьёходжа Исмоиловдун айтымында, бул объект жаңы технологияларга шайкеш салынган.

Электр кубаты күн панелдеринин эсебинен өндүрүлөт. Бул система 273 миң еврого долбоорлонгон жана 2018-жылы австриялык Weissenseer компаниясы тарабынан орнотулган. Имамдын айтымында, чыгым 7,5 жылда, башкача айтканда 2025-жылы өзүн-өзү актайт.

Weissenseer компаниясы буга чейин казак басылмаларына бул дүйнөдөгү энергетикалык жактан көз карандысыз алгачкы мечит экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG