Ссылки доступа

Президент тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата элге кайрылды


Президент Садыр Жапаровдун 7-ноябрдагы кайрылуусунда кыргыз эли "кылымдардан бери даңктуу да, кайгылуу да доорлорду башынан өткөрүп келе жатканы, гүлдөп-өнүккөн Улуу Кыргыз кагандыгын куруп, бирде эл катары жок болуп кете турган Үркүн сыяктуу оор трагедиялуу мезгилдерди башынан кечиргени" айтылат.

Кайрылууда ошондой эле "учурунда өлкөнүн эгемендиги, өсүп-өнүгүшү үчүн башын сайып күрөшкөн белгилүү тарыхый инсандар эскерилип жатканы белгиленген." Быйыл Ормон хандын 230 жылдыгы, Байтик баатырдын 200 жылдыгы, агартуучу жана коомдук-саясий ишмер Эшенаалы Арабаевдин 140 жылдыгы, эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгы, эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин 110 жылдыгы, ХХ кылымдын башындагы өз алдынчалыкка умтулуунун алгачкы аракети катары бааланган Тоолуу Кыргыз облусун түзүү долбоорунун 100 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленип, сый-урмат көргөзүлүп жатканы айтылган.

Азыркы Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн калыптандыруунун башатында Абдыкерим Сыдыков, Эшенаалы Арабаев, Касым Тыныстанов, Иманаалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков сыяктуу көптөгөн чыгаан уул-кыздар турганы, аларды унутпоо зарылдыгы да кайрылууда жазылган.

Садыр Жапаровдун пикиринде мамлекеттүүлүктү жана эгемендикти көздүн карегиндей сактап, келечек муунга өткөрүп берүү ар бир кыргызстандыктын эң негизги милдети.

XS
SM
MD
LG