Ссылки доступа

Январь окуясы: 29 күч кызматкери кыйноого шектүү деп табылды


Укук коргоо органдарынын 29 кызматкери Январь окуялары учурунда кармалгандарды кыйноо боюнча шектүү деп табылган. Бул тууралуу 7-ноябрда Башкы прокуратуранын өкүлү Елдос Килымжанов билдирди.

“Алматы менен Талдыкорган шаарларында тергөө учурунда уруксат берилбеген ыкмаларды колдонгону үчүн укук коргоо органдарынын сегиз кызматкеринин үстүнөн козголгон кылмыш иштери сотко жөнөтүлдү”, - деген Килымжанов “кыйноо” деген сөздү колдонгон жок.

Анын айтымында дагы 20 шектүү иштин материалдары менен таанышууда. Бир кызматкерге карата тергөө уланууда.

Буга чейин Алматы облусунда эле 25ге кишиге тергөө абагында ысытылган үтүк басылганы кабарланган.

Казакстанда Январь окуялары боюнча миңдеген киши кармалган. Кармалгандарын көбү тергөө абагында кыйноого кабылышканын билдиришкен. Тергөөчүлөр аларга кайнак суу куюп, ысыган үтүк басып, электрошокер менен кыйнап, тиштерин аттиш менен жулуп алышканы айтылган.

Өткөн аптада Казакстандын адам укуктары боюнча атайын өкүлү Эльвира Азимова кыйноо боюнча козголгон кылмыш иштеринин 80% токтотулганын билдирген.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери быйыл 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Башаламандык талап-тоноо менен коштолгон. Тополоңдо каза болгондордун саны расмий маалыматтарга ылайык 238 жеткен.

XS
SM
MD
LG