Ссылки доступа

Өзбекстандан 10 миң долларга чейин зер буюмдарды алып чыгууга уруксат берилет


Өзбекстан президенти зергерчилик тармагын колдоо боюнча атайын чаралар кабыл алынарын кабарлады.

Ага ылайык, 1-декабрдан тарта жеке жактарга өлкөдөн 10 миң долларга чейинки зер буюмдарын чыгарууга уруксат берилет (азыр 5 миң доллар), зергерлер сырьену алып кирүү жана алып чыгуу үчүн лицензиядан бошотулат жана баалуу таштарды импорттоо үчүн пошлина төлөбөйт.

7-ноябрда Шавкат Мирзиёев жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүү боюнча жыйын өткөргөн. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Мирзиёев облус башчыларына Самарканд, Бухара, Кокондо зергерлик боюнча соода-өндүрүш комплекстерин ишке берүүнү тапшырды.

2019-жылы зергерлер өндүрүлгөн буюмдарга өз алдынча проба коюуга жана сатууга, мындан тышкары калктан баалуу металлдарды, таштарды жана алардан жасалган буюмдарды сатып алууга уруксат алышкан.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG