Ссылки доступа

Америкалык эки сенатор Душанбени журналисттерге карата куугунтукту токтотууга чакырды


Боб Менендес
Боб Менендес

АКШнын эки сенатору Тажикстанда журналисттерди куугунтуктоо жана басмырлоо күчөгөнүнө жана тажик өкмөтүнүн сөз эркиндигин коргоого кудуретсиз экенине тынчсыздануусун билдирди.

Акыркы жарым жылда Тажикстанда жети журналист жана блогер кармалып, алардын төртөө эркинен ажыратылды. "Озоди" радиосунун айрым журналисттери жылдар бою аккредитация ала албай жүрөт.

АКШ Конгрессинин сенатынын тышкы иштер боюнча комитетинин мүчөсү Жим Риш менен АКШ Конгрессинин сенатынын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Боб Менендес Тажикстандын президентине кат жолдоп, өлкөдө журналисттер кармалганын жана "Озоди" радиосунун кызматкерлеринин кысымга алынып жатканын белгилешти.

2-ноябрдагы катта: "Акыркы мезгилде көз карандысыз ЖМКларды кысымга алуунун күчөшү жана журналисттерге, өзгөчө "Азаттык" радиосунун тажик кызматына карата репрессиялык аракеттер биздин терең тынчсыздануубузду жаратууда", деп жазылган. Алар куугунтукту тезинен токтотууга үндөштү.

Сенаторлордун айтымында, ыксыз камоолорго, журналисттерди саясий себептерден улам куугунтуктоого жол берүүгө болбойт.

Тажикстандын өкмөтү АКШ сенаторлорунун катын алган-албаганын кабарлай элек.

XS
SM
MD
LG