Ссылки доступа

Алматыда активист Жанболат Мамайдын соту судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүү менен башталды


7-ноябрда Алматы шаарындагы Бостандык райондук соту каттоодон өтпөгөн Казакстандын демократиялык партиясынын лидери Жанболат Мамайдын ишин карай баштады. Активистке жалган маалымат таратуу, бийлик өкүлүнө акараат келтирүү жана тынч жыйындарды өткөрүүнүн тартибин бузуу айыптары тагылган.

Отурум башталары менен судья Елена Кван журналисттерге кайрылып, түз эфирлерин токтотууну өтүндү. Ал бул өтүнүчүн күбөлөр өз-өзүнчө, башка күбөлөр жокто сурала тургандыгы жөнүндөгү норма менен түшүндүрдү.

Жанболат Мамай буга каршылыгын билдирип, сот процесси ачык деп жарыялангандан кийин журналисттер түз эфирлерин улантышы керектигин айтты. Бирок Кван макул болбой койгондон кийин активист судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтөрүн билдирди. Буга байланыштуу судья тыныгуу жарыялап ал кечке чейин созулду. Кечинде судья айыпталуучунун өтүнүчү канааттандырылбагынын айтып, отурум 8-ноябрда уланарын билдирди.

Быйыл февралдын аягында Январь окуяларында каза болгондордун элесине арналган митингге катышкандан кийин кармалган активист алгач 15 суткага административдик камакка алынган. Бул мөөнөтү аяктагандан кийин ага "Жалган маалымат таратуу" жана "Бийлик өкүлүнө акаарат келтирүү" беренелери менен кылмыш иши козголуп, ал тергөө абагына которулган. Июнь айында активистке 4-январда Almaty Arena комплексинин жанындагы митингдер үчүн "жапырт баш аламандык уюштуру" айыбы тагылганы белгилүү болгон.

Жанболат Мамай бул айыптоолордун баарын четке кагып, козголгон иштин саясий мүдөөсү бар экенин айтып келет.

Октябрдын аягында "Жапырт башаламандык уюштуруу" беренеси кыйла жеңилирээк "Тынч жыйындарды өткөрүүнүн тартибин бузуу" беренесине алмаштырылганы белгилүү болгон. Өткөн жумада активист үй камагына чыгарылган.

Ага чейин Британия парламентинин мүчөлөрү камактагы оппозициячыл саясатчы Жанболат Мамайдын ишинин негизинде Январь окуясы учурунда жана окуядан кийин Казакстанда адам укуктары менен эл аралык укук нормаларынын бузулганы тууралуу маалыматты иликтей турганын билдирген. Алар Казакстандын Лондондогу элчилигине кат жолдоп, казак бийлигин өкмөттүк эмес комиссиянын иликтөөсүнө катышууга жана алардын Мамай менен жолугушуусуна көмөктөшүүнү өтүнүшкөн.

Өкмөттүк эмес комиссия түзүлгөнүн быйыл август айында аты-жөнүн жашыруун сактаган казак жарандарынан турган топ жарыялап, өлкөдө саясий куугунтук менен адам укуктарынын абалынын начарлашына тынчсызданууларын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG