Ссылки доступа

Душанбе мэриясы Baku Grand Slam 2022 турниринин жеңүүчүсү Темур Рахимовго батир тапшырды


Душанбе шаарынын төрагасынын чечими менен Baku Grand Slam 2022 мелдешинде алтын медал утуп алган Тажикстандын дзюдо боюнча курама командасынын мүчөсү Темур Рахимовго эки бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды.

Душанбе мэриясы Олимпиадалык резервдеги атайын спорттук мектептин күрөш боюнча бүтүрүүчүсү, Baku Grand Slam 2022 турниринин күмүш медалынын жеңүүчүсү Муллоражаб Халифаевге 100 миң сомони ыйгарды.

Дзюдо боюнча Baku Grand Slam 2022 эл аралык турнири 4-6-ноябрь күндөрү өтүп, ага 61 өлкөнүн спортчулары катышкан. Темур Рахимов 100 килограммдан ашык салмакта алтын медалды, Муллоражаб Халифаев 66 килограммга чейинки салмакта күмүш медалды утуп алган. Темур Рахимов Grand Slam – Чоң шлем мелдешинде алтын медаль утуп алган алгачкы тажик спортчусу.

Алтын медалдан тышкары Темур Рахимов 5 миң евро өлчөмүндө акчалай сыйлык алган. Ошондой эле ал олимпиадалык рейтингдин эсебинде 1000 упай топтоп, оор салмактагы балбандардын тизмесинин башындагы өз позициясын сактап калды.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG