Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар комитети мекеменин кызматкерлери жолду тез арада тазалоого аракет жасап жатышканын билдирди.
9-ноябрда Гидрометеорология агенттиги республикалык маанидеги райондордун тоолуу аймактарында, Хатлон, Согд облустарында жана Дарваз районунда сел жүрүү жана таш түшүү коркунучу бар экенин билдирди. Ёхсу, Кызылсу дарыяларында суу кирүү ыктымалдуулугу жогору. Өзгөчө кырдаалдар комитети жарандарга жеке коопсуздук эрежелерин сактоону, тоого эс алууга, отун чогултууга чыгуудан карманууну жана аң уулоо менен балык кармоону токтото турууну сунуштайт.