Ссылки доступа

Казакстан: Токаевдин ордуна шайлоо алдындагы дебатка мажилис спикери катышат


Казакстан парламентинин мажилис спикери Ерлан Кошанов эмнеге шайлоо алдындагы дебаттарга азыркы мамлекет башчысы, президенттикке талапкер Касым-Жомарт Токаев катышпай турганын түшүндүрдү.

Кошановдун айтымында, бул президент учурда "мамлекет башчысы катары өз милдеттерин аткарууну улантып жатканына" байланыштуу.

"Иш графиги өтө тыгыз. Президент болуу — бул бүткүл элдин тагдырына, ички жана тышкы саясатка жооп берүү. Экинчиден, дебаттарга штабдын башка өкүлүнүн катышуусу шайлоо тууралуу бир да мыйзамга каршы келбейт",– деди спикер журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Күн мурун Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоо алдындагы дебаттарды өткөрүүнүн регламентин бекиткен. Ага ылайык, дебаттар 11-ноябрда "Хабар" телеканалында өтөт. Бул үчүн телеканал мамлекеттен 63 миллион теңге сурады.

Маалыматка караганда, дебатка алты талапкердин бешөө катышат: Каракат Абден, Нурлан Ауесбаев, Жигули Дайрабаев, Мейрам Кажыкен жана Салтанат Турсынбекова.

Президенттикке талапкерлигин койгон азыркы мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин ордуна дебатка мажилис спикери, "Аманат" партиясынын башчысы жана Токаевдин талапкерлигин колдоо штабынын жетекчиси Ерлан Кошанов катышат.

Казакстанды дээрлик 30 жыл башкарган экс-президент Нурсултан Назарбаев да, азыркы президент Токаев да буга чейин бир дагы дебатка катышкан эмес. 2019-жылы өткөн президенттик шайлоонун алдындагы дебаттарга Токаевдин ордуна "Аманат" (мурдагы "Нур Отан") партиясынын ошол кездеги төрага орун басары Маулен Ашимбаев катышкан.

XS
SM
MD
LG