Ссылки доступа

Казакстандагы тажик тилдүү мектептерде китептер жетишсиз (видео)


Казакстандагы тажик мектептеринин жетекчилери китеп жетишсиз болуп жатканын айтышууда. “Озоди” радиосунун кабарчылары бул мектептердин китепканасынан тажик адабиятын табуу кыйын экенине күбө болушту.

Буга чейин Тажикстандын Билим берүү министрлиги Казакстандагы тажик мектептерине окуу жана адабий китептердин топтомун жибергенин маалымдаган.

Түркстан облусуна караштуу Мактаарал районундагы Фирдавси айлында Абулкасым Фирдавси атындагы тажик мектеби бар. Бул мектепте тажик жана казак тилдеринде 900дөй окуучу окуйт.

“Окуу китептери жетишпейт, өзгөчө баштапкы класстар үчүн. Биз бир нече жолу кайрылганбыз, бирок жооп алган жокпуз. 2020-жылы сел учурунда мектептин имараты жабыркап, көптөгөн окуу китептери жараксыз болуп калган. Ошондон бери бизде китеп жетишпей жатат. Бизге китеп жөнөтүүнү сурап жатабыз”, - деди мугалим Абдурауф Файзиев.

Китеп тартыштыгы бир гана айылдарда эмес, көйгөйгө Казакстандагы көпчүлүк тажик мектептери туш болгон. Мирзо Турсунзаде атындагы мектептин китепканасында тажик акынынын бир дагы китеби жок.

Казакстанда 12 тажик тилдүү мектеп бар, алардын көбү Түркстан облусунда жайгашкан.

В таджикоязычных школах Казахстана не хватает учебников
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:32 0:00

XS
SM
MD
LG