Ссылки доступа

Казакстандын Коргоо министрлиги "казинодо акча уттурган" кызматкерлери боюнча ички иликтөө баштады


Казакстандын коргоо министри Руслан Жаксылыков казинодо миллиондогон теңге уттурган мамлекеттик жумушчулардын тизмесиндеги аскер кызматкерлеринин арасында жогорку курамдын өкүлдөрү жок болгонун билдирди.

Анын айтымында, ага казиного барган аскер кызматкерлеринин аты-жөнү белгилүү. Министр алар "орто курамдагы кызматкерлер" экенин билдирип, бирок саны канча экенин айткан жок.

"Алардын ар бири боюнча кызматтык иликтөө башталды. Анын жыйынтыгынын негизинде тизмедеги кызматкерлердин мындан аркы кызмат өтөөсү боюнча чечим кабыл алам", - деди Жаксылыков.

Өткөн айдын ортосунда Алматы облустук прокуратурасы 305 мамлекеттик кызматкер казинодо болжол менен 507 миллион теңге уттурганы аныкталганын билдирген. Журналист Михаил Козачковдун telegram-каналына жарыяланган тизмеде Коргоо министрлигинин 95, Ички иштер министрлигинин 97, Каржы министрлигинин 25, Жогорку соттун жети, Каржы көзөмөл агенттигинин 15, Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин үч, акимчиликтердин 36 жана башка мамлекеттик органдардын 27 кызматкери болгон.

Бул маалымат жарыялангандан кийин Каржы көзөмөл агенттиги мекемеде ички кызматтык териштирүү башталганын билдирген.

Жогорку сот мекеме өкүлдөрүнүн казиного барганы тууралуу билдирүүлөр "чындыкка дал келбей таргынан" белгилеген. Мамлекеттик кызматкерлердин этикалык кодекси аларга мындай оюн жайларына барууга тыюу салат.

XS
SM
MD
LG