Ссылки доступа

Иран Шираздагы күмбөзгө кол салды делген тажикстандыктын сүрөтүн жарыялады


Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу менен байланышы бар "Тасним" маалымат агенттиги Шах-Черах күмбөзүндөгү кол салуу жөнүндө кеңири маалымат жарыялады.

Агенттиктин билдирүүсүндө Тажикстандын жараны кол салуунун негизги фигуранты катары көрсөтүлсө, Азербайжандын жараны өлкө ичиндеги террордук уячанын аракеттеринин координатору аталган.

Агенттик кол салгандардын паспортторундагы сүрөттөрүн жарыялаган. Маалыматка караганда, чабуулдун негизги аткаруучуларынын бири – Тажикстандын 23 жаштагы жараны Комрон Субхон. Паспорт 2017-жылы 8-сентябрда Гиссар шаарында берилген.

Тажик тарап бул билдирүүгө эч кандай реакция жасаган жок. Комрон Субхон Иранга кантип барып калганы белгисиз.

Террордук актыны координациялаган Азербайжандын жараны Иранга Имам Хомейни аэропорту аркылуу киргени айтылган.

26-октябрда үч белгисиз киши Ирандагы эң ири беш ыйык жайдын бири эсептелген күмбөздө ок чыгарган. Расмий маалыматтар боюнча анда 15 киши өлүп, 27си жаракат алган.

Ирандын Чалгын министрлиги Шах-Черах мавзолейиндеги кол салууга шектелип 26 киши кармалганын кабарлаган. Алардын баары Азербайжан, Тажикстан жана Ооганстан жарандары.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG