Ссылки доступа

Өзбекстанда суусундук жана курут уурдоо шеги менен кармалган өспүрүм кыйноодон көз жумду


Быйыл 16-октябрда Фергана облусунун Кокон шаарында өспүрүмдөрдү адаптациялоо жана реабилитациялоо борборунда 15 жаштагы Равшанбек Абдусатторов көз жумган.

"Азаттыктын" өзбек кызматынынын маалыматына караганда, жергиликтүү инспекторлор Равшанбекти бир даана Flash суусундугун жана 4 даана курут (жалпы баасы 1,5 АКШ доллары турат) уурдаганы үчүн кармап, суракка алышкан.

16-октябрда өспүрүм медициналык кароодон өткөрүлүп, андан соң Кокон шаарындагы адаптация жана реабилитация борборуна жөнөтүлгөн.

Фергана облустук прокуратурасынын билдирүүсүндө 17-октябрда борбордо өспүрүмдүн абалы начарлап, эс-учун жоготуп койгону жазылган. Ал ооруканага жетпей көз жумган.

Соттук медициналык экспертизанын алдын ала жыйынтыгына караганда, Равшанбек Абдусатторов башынан жаракат алып, мээсине кан куюлуп өлгөн.

Маалыматка ылайык, Абдусатторов борборго келген күнү 20 суткага камалган кишилер менен бир камерага киргизилген. Алар 15 жаштагы өспүрүмгө оор жаракат келтирген болушу ыктымал экенин айтылган.

Бирок Равшанбектин жакындары өспүрүмдү борбордун кызматкерлери ур-токмокко алган деп эсептешет.

Кокон шаарынын прокуратурасы 18-октябрда "Атайлап денеге оор жаракат келтирүү" беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Анын алкагында, эки кишиге айып тагылып, камакка алынган.

XS
SM
MD
LG