Ссылки доступа

Украин элчиси Өзбекстан тууралуу "негизсиз билдирүү" үчүн ТИМге чакыртылды


10-ноябрда Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинде Украинанын Өзбекстандагы элчиси Николай Дорошенко менен жолугушуу өттү.

Өзбекстан ТИМинин жетекчилиги жолугушуу учурунда украин элчисине Украинанын Коргоо министрлигинин өкүлүнүн Өзбекстан Орусияга санкциялык чектөөлөрдү айланып өтүүгө жардам берип жатканы тууралуу негизсиз билдирүүсүнө олуттуу тынчсызданып жатканын кабарлады.

“Украин тараптын Өзбекстанга байланыштуу так эмес маалыматтарды ЖМКларга жеткирүүгө жол берүүгө болбой турганы белгиленди”, - деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Өзбек дипломаттары украин тарап расмий түрдө кайрылса, объективдүү маалымат берүүгө даяр экенин айтышты.

Элчи Дорошенко Украина ТИМинин жетекчилиги менен жолугушкан учурда өзбек тараптын тынчсыздануусун жеткире турганын билдирди.

Буга чейин Украина Коргоо министрлигин чалгын башкармалыгынын өкүлү Вадим Скибицкий италиялык La Repubblica басылмасына Өзбекстан Орусияга Батыштын санкцияларынан качышына жардам берип жаткан өлкөлөрдүн катарында экенин айткан.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG