Ссылки доступа

40 күндөн бери ачкачылык жарыялаган активист адвокаты менен жолугушууга чыга алган жок


Камактагы жарандык активист Ермек Нарымбаев ( Нарымбай) 40 күндөн бери ачкачылык кармап жатат.

Анын адвокаты Жанар Балгабаева 10-ноябрда түрмөгө барган, бирок Нарымбай абалы начарлаганына байланыштуу жолугушууга чыккан эмес.

– Дүйшөмбү күнү барганымда ал басып жүргөн. Азыр түшүнүктүү, ал көп энергиясын коротпошу керек. Өз акциясын ал “баш айлануу” акциясы деп дагы атап алган, себеби дайыма башы айланып жатат. Муну менен ал бардык нерседен позитив табууга аракет жасоодо, - деди Жанар Балгабаева.

Буга чейин Ермек Нарымбаев түрмөнүн медициналык бөлүмүнө жаткырылган. Жанар Балгабаева азыр анын абалы начарлап жатканын белгиледи. Адвокаттын айтымында, ачкачылыкка чейин Нарымбай 105 килограмм болсо, 11-ноябрда 83 килограммга түштү. Кан басымы да маал-маалы менен төмөндөп жатат.

Ермек Нарымбай 2010-жылдагы нааразылык акциялардан кийин төрт жылга эркинен ажыратылып, жаза мөөнөтүнүн жарымын өтөгөндөн кийин эркиндикке чыккан. 2015-жылы күзүндө жарандык активист Серикжан Мамбеталин экөө социалдык түйүндөрдөгү баракчаларында "Көчөдөн соккон жел" аттуу китептеги үзүндү менен бөлүшкөнү үчүн камалган. 2016-жылы январда Нарымбай үч жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк эки активисттин кылганына өкүнүп жатканы жазылган каттары жарыяланган.

2016-жылы февралда Нарымбай үй камагына чыгарылып, мартта апелляциялык сот активисттердин камактагы мөөнөтүн эркиндигин чектөө жазасына алмаштырган. Нарымбай 2016-жылы тыюу салынганына карабастан Казакстандан чыгып кеткен.

Январь окуяларынан кийин активист социалдык түйүндөргө мекенине кайтып келе турганын жазган. Ал 6-февралда Киевден учуп келери менен 2016-жылдагы эркиндигин чектөө эрежесин бузганы үчүн кармалып, тергөө абагына киргизилген.

XS
SM
MD
LG