Ссылки доступа

Тажикстан Коргоо министрлиги: аскерге чакыруу планы 81% аткарылды


Тажик бийлиги аскерге чакыруу планы 81% аткарылганын билдирүүдө. Күзгү чакыруу 1-октябрда башталган жана  30-ноябрга чейин уланат.

Тажикстандын Коргоо министрлигинин басма сөз борборунун башчысы Фаридун Махмадализода 12-ноябрга карата аскерге чакыруу планы 81,4% аткарылганын маалымдады.

Анын айтымында, эң биринчилерден болуп планды Тоолуу Бадахшан автоном облусу аткарды.

Бир нече күн мурун Тажикстандын Башкы прокуратурасы аткаминерлердин балдары да аскерге чакырылып жатканын билдирген. Маалыматка караганда, октябрдын аягына чейин мамлекеттик кызматкерлер менен чиновниктердин 124 баласы аскердик милдетин өтөөгө жөнөтүлгөн.

Алар кадимки тартипте аскерге чакырылганы же альтернетивдүү кызмат өтөп жатканы белгисиз.

Тажикстанда жыл сайын аскерге чакыруу өнөктүгү башталганда жаштарды көчөдөн же үйүнөн кармап, мажбурлап аскерге алып кеткен учурлар тартылган көптөгөн видеолор тарайт. Мындан тышкары ЖМКлар менен соцтүйүндөргө армиядагы чоңсунуу, өкүмзордук жана уставдан тыш мамиледен улам көз жумган жоокерлер тууралуу макалалар да чыгып турат.

XS
SM
MD
LG