Ссылки доступа

Бишкекте милиция жапырт мушташкан чет элдиктерди кармады


Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясы бейбаштыкка шектелген чет элдиктерди кармады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, Пакистан жараны арыз менен кайрылып, 11-ноябрда "Жеңиш" аянтында белгисиз кишилер коомдук тартипти бузуп, ага жана анын эки мекендешинин денесине залака келтиришкенин билдирген.

Милиция “Бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду, шектүүлөр кармалды жана убактылуу камоо жайына киргизилди.

Буга чейин соцтармактарда Бишкектеги "Жеңиш" аянтында чет элдиктердин жапырт мушташы тартылган видео тараган.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG