Ссылки доступа

Казакстан төмөнкү экостандарттагы - "Евро-0" унааларын чыгарууга уруксат берди


Казакстан Орусиянын артынан автоунааларды өндүрүү учурунда коюлган экологиялык талаптарды 1990-жылдардагы деңгээлге чейин төмөндөтөт.

Казак өкмөтүнүн токтомуна ылайык, Казакстан аймагында чыгарылган автоунааларга коюлган экологиялык талап "Евро-0" деңгээлине чейин түшүрүлөт. Мындан тышкары коопсуздук жаздыктары, автоблокировка системасы (ABS) жок автоунааларды чыгарууга убактылуу уруксат берилет.

Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов кол койгон жаңы эрежелер 15-ноябрда күчүнө кирет жана келерки жылдын 1-февралына чейин иштейт.

Жаңы машинелерге бир катар системаларды орнотууда жеңилдиктерди берүүгө быйыл май айында Орусия да макул болгон. Буга Москвага салынган санкциялардан улам автокомпоненттер үчүн жарым өткөргүчтөрдүн жеткишсиздиги себеп болгон.

Батыш өлкөлөрүндө "Евро-0" стандарты 1992-жылга чейин, "Евро-1" 1995-жылга чейин иштеген. Казакстан өлкөгө "Евро-2" классынан төмөн автоунааларды киргизүүгө 2009-жылы гана тыюу салган. Ошондон бери өлкө уулу газдардын чыгышын көзөмөлдөгөн эл аралык стандарттарды акырындык менен киргизип келе жаткан.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG