Ссылки доступа

Роскомнадзор казакстандык Аrbat.media порталынан Украинадагы согуш тууралуу макаланы өчүрүүнү талап кылды


Орусиянын Байланыш, маалымат технологиялар жана массалык коммуникациялар кызматы (Роскомнадзор) Казакстанда иш алып барган Arbat.media маалымат порталынан Украинадагы согуш тууралуу макаланы өчүрүүнү талап кылды. Бул тууралуу 14-ноябрда аталган басылманын редакциясы кабарлады.

Маалыматка караганда, кеп "Орус оккупанттары Харьков облусунда утулуп жатат, бирок аны моюнга алгысы келбейт" деп аталган материал жөнүндө болууда. Макалада эки тараптын тең булактарынан алынган маалыматтар камтылган.

Портал материалда сентябрда фронтто түзүлгөн абалды маалымат каражаттары кантип чагылдырганы баяндалганын белгиледи. Ошол маалда украин күчтөрү Харьковдо бир катар жерди кайтарып алган.

Роскомнадзор сайттын кожоюндары же провайдер "тыюу салынган" маалыматты алып салбаса же чектебесе, Орусияда аны окууга чек коюларын эскерткен.

"Алардын талабына көнбөйбүз деп жооп бердик. Менимче, аларга "оккупант" деген сөз жакпай калды", - деди порталдык башкы редактору Сырым Иткулов.

Arbat.media "Казакстандын мыйзамдарын бузбаганын, андыктан материалды алып салууга эч кандай себеп жок экенин", Роскомнадзор башка өлкөнүн мекемеси болгондуктан, редакциянын ишин чектей албай турганын билдирүүдө.

Орусия Украинага кол салгандан бери Роскомнадзор казакстандык маалымат каражаттарынан кээ бир материалдарды алып салууну талап кылган учурлар болгон.

Казакстандагы медианын укугун коргогон уюмдар муну цензура жана ал өлкөнүн ички маалымат согушунун бир бөлүгү деп сыпаттады.

Видео

XS
SM
MD
LG