Ссылки доступа

Душанбеде актоо өкүмүн чыгарган экс-судьянын иши боюнча сот башталды


Рустам Саидахмадзода. Архив сүрөт
Рустам Саидахмадзода. Архив сүрөт

Тажикстандын Жогорку сотунда Согд облусундагы Бобожон Гафуров райондук сотунун мурдагы судьясы Рустам Сайдахмадзоданын иши карала баштады.

Сайдахмадзода "ыйгарым укуктарынан аша чабууга" жана "кылмыш жөнүндө жалган маалымат берүүгө" айыпталууда. Экс-судья менен анын жакындары бул айыптоолорду четке кагып келишет.

43 жаштагы Сайдахмадзода быйыл 29-июнда кармалган. Бир жумадан кийин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон "соттордун кадыр-баркына доо кетирген жоругу үчүн" деген жүйө менен аны кызматтан алуу жөнүндө жарлыкка кол койгон.

ЖМКлар Рустам Саидахмадзода тууралуу ал чуулгандуу иш боюнча актоо өкүмүн чыгарып, айыпталуучуну сот залынан бошоткондон кийин жаза башташкан. Адатта Тажикстанда соттор актоо өкүмүн сейрек чыгарышат жана кылмыш иштеринде айыптоо тарапты колдошот.

Сайдахмадзода камакка алынгандан көп өтпөй анын 22 жаштагы катчысы Азиза Хайдарова алдамчылыкка шектелип кармалган. Өткөн айда ага "Далилдерди жасалмалоо" жана "Акча кымыруу" беренелери боюнча дагы эки айып тагылганы белгилүү болгон. Бул беренелер менен күнөөлүү деп табылса Хайдарова 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Азизанын апасы Барно Хайдарованын айтымында, кызы эч кандай мыйзамсыз иш жасаган эмес. Тергөөчүлөр аны мурдагы жетекчиси – судья Рустам Сайдахмадзодага каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлап жатышат.

Тажикстанда бардыгы болуп 450 судья иштейт. Өлкөдө судьяларды президент дайындайт жана бошотот.

XS
SM
MD
LG